Купуялуулук

AgroSpace сайты Сизден эч кандай форма толтурууну сурабайт жана келүүчүлөр үчүн каттоо эсебин ачпайт. Башка сайттардагыдай эле, биздин сервер журналга IP даректи, убакытты жана ачылган баракты жазат; журнал 30 күн сакталат.

Эсептегичтер эмнени чогултат

Баракта биринчи аракетиңизден кийин (баракты жылдыруу, басуу, чычканды кыймылдатуу) эки эсептегич жүктөлөт:

  • Google Analytics кайсы барактарды ачышарын, аларда канча убакыт өткөрүшөрүн, кайсы түзмөктөн жана кайсы өлкөдөн киришерин көрсөтөт;
  • Facebook пиксели жазмаларыбыз канча адамга жеткенин көрүшүбүз үчүн баракка кирүүнү белгилейт.

Эгер Сиз баракта эч нерсе кылбай сайттан чыгып кетсеңиз, эсептегичтер жүктөлбөйт.

Эмне үчүн

Кайсы AgroSpace кызматтары фермерлерге көбүрөөк керек экенин түшүнүү жана сайтты ыңгайлуураак кылуу үчүн. Биз бул маалыматтарды сатпайбыз жана аларды иштетүүчү Google жана Meta компанияларынан башка эч кимге өткөрүп бербейбиз.

Кантип баш тартса болот

Браузериңизде көз салууга тыюу салуучу жөндөөнү (Do Not Track же Global Privacy Control) күйгүзүңүз, ошондо бул сайттагы эсептегичтер такыр жүктөлбөйт. Жарнаманы бөгөттөөчү программа да аларды токтотот.

Биз менен байланышуу

Маалыматтарыңыз тууралуу суроолоруңуз болсо, «Байланышуу» барагындагы даректерге жазыңыз.